• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШК: Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди

11 Чын куран 202121:56 Бишкек Govori.TV

Референдумга 36,43 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, референдумга 1 миллион 314 миң 511 шайлоочу катышып, 79.22 пайызы «макул» деп, 13.67 «каршы» деп добуш берди.

«Бишкекте 129 942, Ош шаарында 66 779, Жалал-Абад облусунда 263 056, Ысык-Көл облусунданда 113 098, Нарын облусунда 86 033, Ош облусунда 282 018, Талас облусунда 68 985, Чүй облусунда 196 418, Баткен облусунда 108 182 шайлоочу добуш берген», — деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, добуш берүүлөрдүн инфографикада көрсөтүлгөн жыйынтыгы акыркы көрсөткүч эмес.

Количество просмотров: 106