• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады

24 Бештин айы 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-декабрдагы жыйында алдыдагы референдумга байланыштуу дагы жети үгүт тобун каттады.

Буга чейин БШК парламентаризмди колдогон бир топту жана референдумда коюлган эки суроого тең каршы болгон үгүт тобун каттаган.

Боршайкомдун маалыматына караганда, ушул убакка чейин жалпы тогуз үгүт тобу каттоодон өттү. Алардын төртөө президенттик башкарууну, экөө парламенттик башкарууну колдогондор, бирөө президенттик республикага каршы, экөө бардык варианттарга каршы чыккан топ.

Мыйзам жалпы элдик добуш берүүнүн алдында референдумга коюлган маселелерди колдогондордун жана каршылардын үгүт тобун түзүүгө уруксат берет. Алар референдумду утурлай парламенттик же президенттик башкарууну тандоо үчүн элди үгүттөшөт.

Мамлекетти башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда жарандарга үч суроо коюлат. Ага катышкандар президенттик же парламенттик башкаруу ыкмасын колдой турганын же бардык варианттарга каршы экенин билдириши керек.

2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо менен кошо Конституцияны өзгөртүп, башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөрүү тууралуу мыйзам Жогорку Кеңеште 9-декабрда биринчи окуудан, 10-декабрда дароо экинчи жана үчүнчү окуудан өткөн.

Бир катар активисттер, саясатчылар, депутаттар документ мыйзамды одоно түрдө бузуу менен бардык окуудан өткөнүн айтып келишет. 

Количество просмотров: 57