• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

БШК шайлоо бюллетендерин аймактарга жиберди

3 Үчтүн айы 2021 11:36 Бишкек Govori.TV

2-январда «Учкун» ААКнын имаратында Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого даярдалган бюллетендерди жана Кыргыз Республикасынын референдуму үчүн бюллетендерди Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарына, Бишкек жана Ош шаарларына, ошондой эле чет элдик аймактык шайлоо комиссияларына кабыл алуу-өткөрүп берүү актысына кол коюлду. Бул тууралуу КР БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого карата 3567138 бюллетень даярдалды. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү.

Ал эми Кыргыз Республикасынын референдуму үчүн 3 567 138 бюллетень даярдалган. Мындан тышкары, Брайл шрифти менен 4948 бюллетень даярдалган.

Бишкек шаарына — 417341 бюллетень жөнөтүлдү, Ош шаарына — 151168, Жалал-Абад облусуна — 667265, Ош облусуна — 723620, Баткен облусуна — 297574, Нарын облусуна — 202710, Ысык-Көл облусуна — 308091, Талас облусуна — 158054, Чүй облусуна- 592155, ошондой эле чет өлкөгө — 49160 жөнөтүлдү.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого жана Кыргыз Республикасынын референдуму үчүн 7 134 276 бюллетень даярдалды.

Кыргыз Республикасында референдум өткөрүү үчүн көк бюллетень, ал эми Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо үчүн түссүз бюллетень даярдалды.

Теги:
Количество просмотров: 56