• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШК шайлоонун өзгөчөлүгү боюнча ачык диалог өткөрдү

16 Аяк оона 2021 13:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-сентябрда Бишкекте «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун өзгөчөлүгү» аталышында ачык диалог өттү.

Иш-чараны Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен биргеликте уюштурду.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган парламенттик шайлоону өткөрүүнүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

«Быйыл парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеште 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Системанын маңызы, добуш берүү күнү шайлоочу бир эле убакта бир нече жолу добуш бере алат. Биринчи өзүнүн бир мандаттуу округунда талапкер үчүн, экинчиси тигил же бул партия үчүн. Жарандар ошондой эле өзү тандаган партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бирине да добуш берүүгө укуктуу»,-деди ал.

БШКнын төрагасы шайлоо тутумун реформалоонун ийгиликтүү ишке ашырылышы, шайлоонун жыйынтыгынын ачыктыгын, аныктыгын, тактыгын камсыздаган шайлоонун жаңы моделин жайылтуу – бул, мезгилдин жакшы жетишкендиги экендигин баса белгиледи.

БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 2021-жылдагы агитациялык кампаниянын жана маалымат берүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө айтып берди.

«29-октябрда Кыргызстан боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого үгүт иштери башталат. КР мыйзамдарынын негизинде шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күнү башталат жана добуш берүү башталганга 24 саат калганда аяктайт.Ошентип, үгүт иштери 29-октябрда башталып, 27-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат»,-деди ал.

Көзөмөлдөө-ревизиондук топтун мүчөсү Раида Баширова шайлоого катышуу үчүн талапкерлеринин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүүчү каржылык ресурстардын ачыктыгын камсыз кылуу боюнча БШКнын көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө маалымат билдирди.

“Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө мыйзамдар үгүт иштерин каржылоонун ачык-айкындыгы жагынан эл аралык стандарттарга, сунуштарга жана талаптарга толук ылайык келет. Шайлоочулар партиялардын шайлоо фонддорунан каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө маалыматты жана алардын каржылык отчетторун БШКнын сайтынан туруктуу негизде алышат. Ошондой эле, БШКнын сайты жума сайын шайлоо фонддорунун кыймылы жөнүндө маалыматтарды жарыялап турат» — деди ал.

Баширова кошумчалагандай, саясий партиялар БШКга шайлоо фондун түзүүнүн көлөмү жана бардык булактары, ошондой эле бардык чыгымдар жөнүндө отчетторду берүүгө милдеттүү.

БШК саясий партияларды өз максатына жетүү үчүн административдик ресурсту анын ичинде кызматтык артыкчылыкты колдонбоого, жарандардын эркин добуш берүүсүнө мыйзамсыз кийлигишкен ар кандай аракеттерден, добуш берүү жана добуштарды саноого кийлигишүүдөн алыс болууга, добуш берүүнүн жашыруундугун сактоого, шайлоо кампаниясын шайлоо алдында да, шайлоодон кийин да коомдук абал тынч болгудай уюштуруп жана өткөрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 90