• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

БШК соттун парламенттик шайлоону токтотуу тууралуу чечимине каршы арызданат

26 Тогуздун айы 202014:31 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик кайра шайлоо өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарган соттун токтомуна каршы арызданат. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Быйыл 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, нааразылык акцияларынан кийин, 9-октябрда Боршайком анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. Шайлоо ыплас өткөнүн билдирип чыккандардын митинги башаламандыкка айланып, 6-октябрда өлкөдө бийлик алмашкан.

БШК парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган. Бишкектин Административдик соту Боршайкомдун бул чечимин жокко чыгарганы 24-октябрда белгилүү болгон. БШКга каршы сотко «Актив» партиясы жана «Адам укуктары жана демократия үчүн коалициясы» сотко кайрылган.

Боршайкомдун маалыматына караганда, кайра шайлоого катышуу ниетин 48 саясий партия билдирди.

4-октябрдагы шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген, алардын 16сы талапкер катары катышып, төртү 7 пайыздык босого чектен өткөн.

22-октябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров президенттик да, парламенттик да шайлоону токтото туруп, Конституцияны өзгөртүүгө багытталган мыйзамга кол койгон.

Количество просмотров: 61