• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

БШК төрага Мамытовду каттоо маселеси боюнча Жогорку сотко арызданат 

29 Тогуздун айы 2021 13:22 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун «Ынтымак» партиясынан талапкер Талант Мамытовго карата чечиминин үстүнөн Жогорку сотко кайрылат. Бул тууралуу Govori.TVга Боршайкомдун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.

«БШКнын 24-октябрдагы жыйынында жумушчу топ Талант Мамытов парламенттин төрагалык кызматын тапшырбаганын эске алып, аны каттабай коюуну сунуш кылган. Мыйзам боюнча жогорку кызматты ээлеп турган жаран депутаттыкка талапкерлигин коюу үчүн кызматын тапшырышы керектиги белгиленип, БШКнын 10 мүчөсү сунушту колдоп берген. БШК бул боюнча Жогорку сотко кайрылат»,-деди Шайназаров.

Эске салсак, 28-октябрда Бишкектин административдик соту «Ынтымак» партиясынын талапкер Талант Мамытовду каттоодон баш тартуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамсыз деп табуу боюнча арызын канааттандырган.

Количество просмотров: 234