• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШК төрагасы: Депутаттар сунуштаган шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамга баа бере албайм

21 Бирдин айы 202511:35 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров депутаттар тарабынан сунушталган шайлоо боюнча конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнундөгү мыйзам долбоору боюнча баа берүүдөн алыс экенин билдирди.

«Депутаттардын демилгеси учурда коомдук талкууга коюлду. Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан талкуулар жүрүп, сунуштар каралып жатат. Албетте депутаттарынын демилгелерине баа бере албайм. Мыйзам кабыл алынса, Борбордук шайлоо комиссиясы аны ишке ашырат, ошонун негизинде иштейбиз», — деди ал.

Ошону менен катар Шайназаров шайлоо өз убагында, тагыраагы 2026-жылы өтө турганын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган бир нече депутаттар тобу демилгелеген «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору 17-февралда коомдук талкууга коюлду.

Сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат. Ал эми талапкерлерди көрсөтүү укугу саясий партияларга жана жарандарга (өзүн-өзү көрсөткөндөргө) берилет.

Количество просмотров: 238