• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК: Ыкчам чара көрүү тобуна 17 кайрылуу түштү

28 Жетинин айы 2021 15:51 Бишкек Govori.TV

Ыкчам чара көрүү координациялык тобуна бүгүн 17 кайрылуу түштү. Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров билдирди.

“Жалпы 17 кайрылуунун экөө добуш сатып алуу, бешөө үгүт иштериндеги эреже бузуу, бирөө шайлоочуларды ташуу, бирөө шайлоо эрежелерин бузуу, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө карата 3 арыз, бешөө автоматтык эсептөө урналарындагы көйгөй боюнча түшкөн. Аймактар боюнча, Бишкектен бир, Баткенден үч, Жалал-Абаддан бир, Ысык-Көлдөн бир, Ош облусунан эки, Чүй облусунан тогуз кайрылуу келген”, — деди Шайназаров.

Ошондой эле Шайназаров түшкөн кайрылуулар ИИМге жиберилип, аларга карата тиешелүү юридикалык баа бериле турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 95