Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун шайлоодо талапкер болуу тууралуу арызын БШК кабыл алды. Бул тууралуу Govor.TV Жээнбековдун атайы өкүлү билдирди.
Ал эми БШК азырынча расмий маалымат тарата элек.
Белгилей кетсек, буга чейин юрист Бакытбек Автандил Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан саясатчы Равшан Жеенбеков менен жарандык активист Илгиз Шаменовдун Ленин бир мандаттуу округу боюнча депутаттыкка талапкер болуу конституциялык укуктары бузулуп жатканын айткан.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде аяктайт.