• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

БШК жумушчу тобу: Исхак Масалиев кайра шайлоого катыша албайт

27 Үчтүн айы 2022 12:36 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын курамында Жогорку Кеңешке депутат болуп келген Исхак Масалиев кайрадан шайлоого катышуу ниетин билдирген. Бул тууралуу БШКнын сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, ал Биринчи Май районунан талапкерлигин көрсөтүү арызын 24-январда БШКга тапшырган.

Ал эми депутат Масалиев шайлоодо жеңип чыкса “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыга турганын билдирип, анын ордун тизмедеги кийинки талапкер ээлей турганын айткан.

«Мен Биринчи Май шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетим тууралуу арызымды тапшыргам. Негизгиси, мен шайланып калсам, парламенттеги ордума “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен башка депутат келмек. Оппозициячы депутаттардын саны бирге көбөймөк. Ага мыйзам жол берет. Бирок, БШКнын жумушчу тобу билдирүүм боюнча мага кат жиберди. Чынын айтсам, бул мыйзамсыз жана негизсиз. Мыйзамсыздык азыр көнүмүш адатка айланып калгандыктан, сотко берип, чындыгымды далилдейм деген ниетим жок.

Мен БШКнын жетекчиси менен сүйлөштүм, ал жумушчу топ менен бирдей пикирде. Президент аны сыйлагандыктан, талаш-тартыштын жыйынтыгын айтуу кыйын эмес.
Ар бир талапкерге ийгилик каалайм», — дейт ал.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарында «Баарына каршы» добуш бергендер алдыга чыгып, кайра шайлоо жарыяланган. Аталган эки округда кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Количество просмотров: 5995