Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдына чогулгандар тарап кетишти. Тынчтык митинги 1 саатка созулуп, 150дөй адам катышты.
Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, аны кайра өткөрүү ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетирүү талабын коюшту.
Митингге 28-ноябрдагы шайлоодо добуш берүүдөн кийин шайлоо маалыматтык системасынын сайтында ката кеткени себеп болгон. БШК каталар дароо оңдолуп, УШКнын маалыматтары бурмаланбаганын билдирүүдө.