• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

БШКнын мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

11 Аяк оона 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

БШКнын мүчөсү алдамчылык фактысы боюнча кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы 11-сентябрда билдирди.

Буга чейин атайын кызматка А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал БШКнын азыркы мүчөсү А.Э.ге карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, «Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири менен келишим түзгөн. 2020-жылдын июнь айында БШКнын мүчөсү арыз ээсинен 2020-жылдын күзүнө белгиленген парламентик шайлоодо жогорудагы партиядан депутаттыкка талапкердин биринчи «бештигине» киргизгени үчүн 550 миң доллар алган.

Бирок алар убадасын аткарбай, жабырлануучуга 300 миң долларды кайтарып берип, 250 миң долларды өздөштүрүп алышкан.

11-сентябрда БШКнын мүчөсүнө Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар) боюнча шектүү катары кабарланган. Ал Биринчи май райондук сотуна жеткирилген, сот кармалган жаранды тергөө учурунда УКМКнын тергөө абагына камаган.

Количество просмотров: 544