• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

БШКнын төрайымы Govori.TVнын тренингинде элеттин лидер айымдары менен жолукту

29 Чын куран 202118:32 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында айымдардын лидерлик дараментин арттыруу максытында тренинг өткөрүп жатат. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Бишкек, Баткен, Нарындан келген 17 айым катышууда.

Бүгүн, 29-апрелде тренингге БШКын төрайымы Нуржан Шайлдабекова келип өз кеңештери, тажырыйбалары менен бөлүштү.

Ал сөз сүйлөп жатып, буга чейин өткөн 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча көз карашын айтты.

«2-майда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгат. Мурунку шайлоолорго салыштырмалуу бул жолу 30-35% аялдар депутаттыкка келишти. Албетте, анча-мынча мыйзам бузуулар болду, талаш-тартыштар да орун алды. Бирок, жалпысынан алганда шайлоо жакшы өттү. Азыркы учурда шайлоонун жүрүшүндө катталган бузууларды карап жатабыз. Ал эми аялдардын орду тууралуу сөз кыла турсак, акыркы учурларда депутат болууна каалагын айымдар салыштырмалуу көбөйдү. Биз да өз кезегинде, бул багытта ар кандай иштерди кылып, мониторингдерди жүргүзүп келебиз. Баардык жарандарга бирдей шарт түзүү эң маанилүү», — дейт ал.

Жана ошондой эле Шайлдабекова айымдарга өзүнүн чакан белектерин ала келген. Аларды тапшырып, иштерине ийгиликтерди каалап өттү.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу болуп саналат. 3 күндүк тренингдин алкагында маалымат берүү техникасы, лидерлик сапатты өнүктүрүү, маалыматты жайылтуу үчүн социалдык тармакты колдонуу, оратордук чеберчилик, журналисттер менен өз ара иштешүүнүн өзгөчөлүктөрү жѳнүндѳ маалымат берилет.

Тренингди “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттигинин негиздөөчүсү Кайыргүл Орозбай кызы, Жогорку Кеңештин вице-спикери Айзада Касымалиева, ЖК депутаты Айнуру Алтыбаева, мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, 24.kg агенттигинин башкы редакторунун орун басары Махинур Ниязова, БШКнын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматова, ошондой эле гендерный эксперт Римма Султанова, “Media Карьера” ораторлук чеберчилик мектебинин негиздөөчүсү Айнура Кабатай кызы жана маркетологдор Мурат Соорбеков жана Ормон Амангелдиевдер өз тажырыйбалары менен бөлүштү.

Окутуучу иш-чаранын жыйынтыгында жети дубандан келген 17 айым “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусуна катышып, “айымдардын саясий-лидерлик сапаттарын калыптандыруу” тренингинин сертификатына ээ болушат.

Тренинг Европа Биримдигинин “Демократияны колдоо фонду” жана “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында “GOVORI.TV”мультимедиялык маалыматтык агенттиги тарабынан уюштурулуп жатат.

Количество просмотров: 122