• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Бул эмне террорист беле?». Атамбаевдин тарапташтары нааразы…

3 Жалган куран 2020 18:09 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта Кой-Таш окуясына козголгон кылмыш иши боюнча соттук алдын ала угуу отуруму эртең, 4-мартта уланат. Белгилей кетсек, бүгүнкү отурум жабык өтүп, ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди алып келишти.

Жактоочу Замир Жоошевдин айтымында соттук угуу болгон кеңсе абдан тар болгон.

«Мындай чоң иш ачык өтүүсү керек эле. Бул отурум эртең уланат. Азыркы отурум болгон кеңседе шарт жок болду. Ал эми Атамбаевдин ден соолугу дагы да калыбына келе элек, анын кан басымы азыр да төмөн болууда», — деди Жоошев.

Ал эми сотко келген Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ал менен жолукпай калганына нааразы болуп, айрымдары көздөрүнө жаш алышты.

«Бул эмне киши өлтүрдү беле, же террористпи? Жолуктуруп койбойт белеңер?», — дешүүдө тарапташтары.

Буга чейин сот отуруму 2-мартта башталары кабарланып, кийин 3-мартка жылган.

Кошумчалай кетсек, Кой-Таш окуясына байланыштуу 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен бешөө тергөө менен кызматташууга макул болгон

Количество просмотров: 5358