• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бул жылы 156 миңден ашык бала биринчи класска барат

22 Баш оона 20199:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.08.2019.Govori.TV.

Бул жылы 156 миңден ашык бала биринчи класска барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкекте биринчи класска 22 миң 981 бала барса, Ош шаарында – 11 миң 69, Ош облусунда – 22 миң 210, Нарын облусунда – 13 миң 982, Ысык-Көл облусунда – 15 миң 182, Жалал-Абад облусунда – 25 миң 257, Баткен облусунда – 11 миң 443, Чүй облусунда – 23 миң 600, Талас облусунда – 10 миң 540 бала.

Министрликтен белгилешкендей, бул жылы 1-11-класстарда окуган балдардын саны 1 млн. 268ге жетет.

Акыркы 5 жылда шаарларда мектеп окуучуларынын саны 25%га, айыл жергесинде 14%га өскөн.

Өлкө боюнча мектептердин саны 2 миң 265ти түзөт.

Количество просмотров: 16