БШКга № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкерден биринчи арыз келип түштү.
БШК тараткан маалыматка ылайык, бүгүн, 31-март күнү БШКга 2023-жылдын 28-майында өтүүчү № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу жөнүндө талапкер Булекбаев Эркин Касымовичтен арыз келип түштү.
№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде (кошуп алганда) аяктайт.
Шайлоо аталган округдан парламентке келген Жаныбек Абировдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганына байланыштуу белгиленген.