• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Премьер-министр ИИМ министри Кашкар Жунушалиевге Бурулайдын атасы менен жолугушууну тапшырды

17 Теке 20181:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.07.2018.Govori.TV
Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бурулай Турдалиеванын атасы Турдали Кожоналиев менен жеке жолугушуп, анын жүйөөлөрүн угуп, соттук-медициналык экспертизанын тыянагын тыкыр караштырууну тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз борбору билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, анын жеке көзөмөлүндө турган 19жаштагы Бурулай Турдалиеванын өлүмү боюнча кылмыш иши аягына чейин чыгарылат, кыздын өлүмүнө шектүү 30 жаштагы эркек менен бирге бардык күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акыйкат жазаланат.
Эскерте кетсек, Бурулай Турдалиева 2018-жылдын 27-майында Бишкек шаарындагы үйүнө жакын жерден никеге мажбурлоо максатында ала качылган.
Количество просмотров: 80