Бурулайдын өлүмү: Жайыл РИИБдин башчысынын жаңы орун басары дайындалды
Бурулайдын өлүмү: Жайыл РИИБдин башчысынын жаңы орун басары дайындалды
20 Теке 201810:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.07.2018. Govori.TV
Рустам Байгудинов Чүй облусунун Жайыл РИИБдин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу турмуш сайты жазды.
Рустам Байгудинов 20 жаштагы Бурулай Жайыл РИИБдин имаратынын ичинде бычакталган окуядан кийин кызматынан бошотулган милициянын мойору Жеңиш Абыкановдун ордуна келди.
Рустам Байгудинов 1983-жылы Жайыл районунун Сосновка айылында туулган. Милициянын подполковниги. Буга чейин Жайыл РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалап келген.
Буга чейин Жайыл РИИБдин имаратындагы адам өлтүрүү фактысы боюнча Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан милиция кызматкерлерине карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренесинин (шалаакылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылып жаткандыгы маалымдалган.
Ошондой эле, ИИМдин басма сөз кызматы ички иштер органдарынын тартиптик уставын, «Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүн жогорулатуу чаралары жөнүндө» буйругунун талаптарын, «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кесиптик этикасы» кодексин, Ички иштер органдарындагы катардагы жана жетектөөчү курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө жобосун, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно түрдө бузган бир катар жетекчилер менен кызматкерлерди ээлеген кызматынан бошотуп, тиешелүү чараларды көрүү жөнүндө министрдин буйругу чыгарылгандыгын маалымдаган.