• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Бусурманкул Абдубаит уулу украиналык мушкерди жеңди (видео)

31 Баш оона 20199:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек.31.08.219.Govori.TV.

Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу M-1 уюмундагы беттешинде украиналык спортчу Андрей Лежневди утуп алганы Instagram баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мелдеш Россиянын Оренбург шаарында өтүп, Спортчулар беш мүнөттөн үч раунд күч сынашкан. Натыйжада, Кыргызстандык мушкер Бусурманкул Абдибаит уулу жеңишке жеткен.

https://www.instagram.com/p/B1yyswYA9G4/?igshid=jmfup3dxo0rv

Кошумчалай кетсек, Бусурманкул Абдубаит уулу М-1 Global уюмунда 2017-жылдан бери күч сынашып келет. Алгачкы ирет бразилиялык Диего Давелло менен беттешип тең чыкса, кийинки реванш-кармашта Давеллону утуп алган. Ошондон кийин уюм спортчу менен эки жылга келишим түзүүгө кол сунган.

Количество просмотров: 58