• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

15 Теке 201910:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бусурманкул Табалдиев мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна шектүү катары изделүүдө.

Эске салсак, кримтөбөл Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетишине шектелип ошол кездеги бир катар жооптуу жетекчилер камакка алынып, айрымдарынын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 64