• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Буту автобустун эшигине тыгылып калган окуучу каза болду

3 Тогуздун айы 201918:14 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Күн-Туу айылында жол кырсыгынан окуучу каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 16:00дө автобустун айдоочусу элди унаадан түшүрүп жаткан. 5-класстын окуучусу арткы эшиктен түшүп жатканда анын бир буту тыгылып калган.

«Айдоочу баланы көрбөй калып, автобусту айдап жөнөгөн. Кесепетинен бала дөңгөлөк алдында калып окуя болгон жерде жан берди», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 5449