Бүгүн 20-августта эртең менен Өзгөн районунда райондук ички иштер бөлүмүнүн жанынан “Лексус 470” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу милиция кызматкери Жыргалбек Назаровду сүзүп кеткен.
Жабырланган милиция кызматкеринин буту сынып, Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган. Бул тууралуу Govori.TV сайтына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол коопсуздугу бөлүмүнөн маалымдашты.
Ал эми милиция кызматкерин сүзүп алган айдоочу кырсык болгон жерден изин сууткан. Бирок ал бат эле Кара-Кулжа районунун аймагынан колго түшкөн. Азыркы тапта кармалган адамга карата ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Эске салсак, буга чейин да Ысык-Көл облусунан жол кайгуул кызматкерин унаа сүзүп кетип, азыркы учурда абалы оор бойдон калууда.