• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

БУУда Израиль Иранга эскертүү жасаганда бир топ делегация чыгып кетти

28 Аяк оона 202411:16 Бишкек Govori.TV

27-сентябрда Израиль өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып, «Иранда Израилдин колу жете албаган жер жок экенин» айтып, Иранга катуу эскертүү жасады.

«Тегерандагы тирандарга айта турган сөзүм бар: эгер силер бизге сокку урсаңар, биз силерге урабыз», — деди Нетаньяху.

Ал өз сөзүн баштаганда эле Иран баш болгон бир катар делегациялар каршылык иретинде залдан чыгып кетишти. Ал эми калгандары нааразылыгын билдиришти.

Нетаньяхунун алдында сүйлөгөн Словения менен Пакистандын өкүлдөрү Израилди Газадагы ХАМАС (АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган) уюмуна каршы согушту токтотууга чакырышкан.

Количество просмотров: 197