2-ноябрь журналисттерге карата жасалган кылмыштарды жазасыз калтырбоонун эл аралык күнүнүн урматына БУУнун КР дагы туруктуу координатору жана Элчилер видеокайрылуу жасаган.
https://drive.google.com/file/d/1cixp05LR2g-bTP8-PNDVv_23G4Wty4mf/view?usp=drivesdk
БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу Координатору Озонниа Ожиело:
2013-жылы БУУнун Генералдык Ассамблеясы 2-ноябрды журналисттерге карата жасалган кылмыштарды жазасыз калтырбоонун эл аралык күнү деп жарыяланышы боюнча резолюция чыгарган. Генералдык Ассамблея бул резолюцияны журналисттерге каршы олуттуу зомбулук токтобой келе жатканынан улам кабыл алган. Жыл сайын 100дөн ашуун журналист өлтүрүлөт. Алар окуялардын чоо-жайын айтып берип, коррупцияга же адам сатууга каршы иликтөөлөрдү жүргүзүп, деги эле коомдо айкындуулукту бекемдөөгө арналган аракеттери үчүн өлтүрүлүшөт.
БУУнун адам укуктарын коргоо кеңеши мурунку жылдын сентябрында дагы бир резолюцияны кабыл алды. Анда БУУга мүчө болгон өлкөлөрдү журналисттердин өз ишин аткарууга тоскоолдук жараткандардын баарын жоопкерчиликке тартуу үчүн бардык мүмкүн болгон иликтөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттендирет. Демократиянын, отчеттуулуктун ийгилиги жана дүйнө жүзүндө демократиялык коомду камсыз кылуу үчүн эркин, ачык, плюралисттик ММКлардын болушу салмактуу мааниге ээ болгону шексиз. Кыргызстан маанилүү ийгиликтерге жетишти жана биз Кыргызстанда плюралисттик ММКнын түзүлүүсүндөгү прогрессти көрүп жатабыз. Эми алдыбызда турган кийинки маселе – мындан да чоң жетишкендиктерге умтулуу жана биримдикти бекемдөө; журналисттерге эч ким кол салбайт, аларды эч ким коркутуп же аларга каршы эч кандай зомбулук болбойт жана өз жумушун майнаптуу аткаруу үчүн бардык шарттар түзүлүп берилет деп журлналисттерди ишендиришибиз керек.
Ошондуктан, журналисттерге карата жасалган кылмыштарды жазасыз калтырбоонун эл аралык күнүндө, мен Кыргыз Республикасынын бардык журналисттерин, Бириккен Улуттар Уюмунун системасы сиздер менен бирге деп ишендиргим келет жана биз журналисттердин укуктарын сыйлоого, жумушуңузду аткаруу үчүн мейкиндикти камсыз кылууга бардык мамлекеттик мекемелерди, ошондой эле бейөкмөт мүчөлөрдү өкмөт менен биргеликте шыктандыра бермекчибиз, бирок ошол эле убакта сиздерди да жумушуңузду жоопкерчилик жана отчёттуулук сезими менен аткарууну уланта берүүгө чакырабыз.