• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Быйыл беш айда Кыргызстандан 210 миллион доллар чыгарган

6 Баш оона 201911:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.08.2019. Govori.TV

Быйыл январдан май айына чейин Кыргызстандан жеке тараптар акча которуу системасы аркылуу дээрлик 210 миллион доллар чыгарган. Бул тууралуу Улуттук банк тараткан маалыматта айтылат.

Бул көрсөткүч сыртка чыгарылган каражатты анализдей баштагандан тарта, 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Мындай өсүштүн себеби айтылган эмес.

Буга чейинки рекорд 2018-жылы болуп, анда 196,2 миллион доллар чыгарылганы белгилүү болгон. Эң аз каражат 2005-жылы чыгарылып, анын көлөмү 8,2 миллион долларды түзгөн.

Улуттук банк өлкө аймагынан чыгарылган каражаттар кайда кетери тууралуу да маалымат берген.

Количество просмотров: 17