• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент айыл чарба министри Нурбек Мурашевди сындады

23 Тогуздун айы 2018 14:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков айыл чарба продукцияларынын сатылбай жатканын сынга алды. Ал бүгүн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевди кабыл алган.

Министр бул жылы картошканын баасы былтыркыга караганда төмөн болуп, килограммы 5-7 сомдон сатылып жатканын маалымдады. Былтыр картошканын баасы 8-10 сомдон болгон. Мурашев рыноктогу абалга анализ жүргүзүлгөнүн, ноябрдын ортосунан баштап, баалар көтөрүлөрү күтүлүп жатканын айтты.

Учурда картошканы Өзбекстан, Орусия , Казакстан, Тажикстанга экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мамлекет башчысы рыноктун баасын алдын ала билүү, айыл чарба продукциясын сатуу боюнча жетишсиз жумушту сынга алды жана айыл чарба продукциясын экспорттоо кайра иштетүү менен биргеликте дыйкандардын эмгегин колдоого жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган эң маанилүү чаралардын бири экенин айтты.

Ошондой эле  дыйкандардын эмгегин колдоо өлкөнүн агрардык тармагынын продукциясын экспорт кылуу Айыл чарба министрлигинин артыкчылыктуу багыты болушу керектигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, 2017-жылы картошка 83 миң 200 гектарга айдалган, быйыл 84 миң 500 гектарга айдалды, түшүмдүн жалпы көлөмү 1,5 млн тоннаны түздү. Ал эми ички керектөө 800-900 тоннаны түзөт. 600 миң тонна картошка экспортко кетет. Бүгүнкү күндө толук көлөмдө төө буурчак жана пахта буласы экспорттолуп жатат.

 

 

Количество просмотров: 30