• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Быйыл кыргыз парламентинин 80 жылдыгы белгиленет

5 Тогуздун айы 2018 8:55 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.10.2018. Govori.TV

Жогорку Кеӊеште кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесин белгилөө боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, анын курамына вице-спикер Мирлан Бакиров, депутаттар Төрөбай Зулпукаров, Талант Мамытов жана башка депутаттар кирди. Бул тууралуу парламенттин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесин белгилөөгө бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай турганын, маараке алкагында илимий конференциялар гана өткөрүлө турганын баса белгиледи

«Жогорку Кеңеш 80 жылдык маарекесин дээрлик чыгымы жок өткөрмөй болду. Чогулгандар илимий докладдарды окуп, парламентаризмдин тарых-таржымалын талкуулап тарап кетишет. Белек-бечкек алмашуу, чапан кийгизүү, сый тамак дегендер да болбойт. Чогулгандарга тыныгуу учурунда чай-кофе жана суу гана сунабыз сыягы»,-деп белгиледи Жогорку Кенешинин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу

Количество просмотров: 27