• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Быйыл милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголгон

24 Тогуздун айы 2018 10:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV

Быйыл милиция кызматкерлерине карата 56 кылмыш иши козголуп, 66 кызматкер жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев мекеменин отчеттук жыйынында билдирди.

Анын айтымында, министрликтин ички иликтөөлөр кызматынын мурдагы башчысы С.Кочербаевдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу да материалдар Башкы Прокуратурага жиберилип, “опузалап пара талап кылуу” жана “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголду. Учурда УКМК тарабынан тергелүүдө.

Ошондой эле мыйзамдуулукту бузган 1108 кызматкер аныкталган жана бардыгы тартиптик жазага кириптер болушту.

Терс себептер менен 138  ички иштер органдарынын катарынан бошотулуп, 204 кызматкер ээлеген кызмат ордунан четтетилген. Кызматкерлерге карата жарандардан келип түшкөн  1857 арыз-даттануулардын ичинен 212 фактысы тастыкталган.

Количество просмотров: 25