• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Быйыл окуу китептерин басып чыгарууга канча каражат бөлүндү?

5 Аяк оона 2023 14:07 Бишкек Govori.TV

2023-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга республикалык бюджеттен 152 млн сом каралган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана китеп басып чыгаруу секторунун башкы адиси Самат Тоялиев билдирди.

«Жалпысынан быйыл 36 миң нускада окуу китептери басылып чыкты. Алар — 7-класстар үчүн физика китеби кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде, ушул эле тилдерде 8-класстар үчүн химия китеби. Ошондой эле 7-8-9-класстар үчүн информатика китебинин өзбек жана тажик тилиндеги версиялары басылып чыкты. Буга чейин диндердин өнүгүү тарыхы предмети боюнча китептер 123 миң нуска менен басылып чыгып, алар өлкөнүн бардык мектептерине таратылган. Быйыл ушул эле предмет боюнча 7-8-класстар үчүн окуу китептери кайрадан жазылып чыгып, басып чыгарууга даярдалууда. Ошондой эле учуруда башталгыч класстар үчүн “Алиппе”, адабий окуу жана кыргыз тили китептери, 7-8-класстын окуучулары үчүн «Адам жана коом» китеби басылып чыгуу алдында турат»,-деди ал.

Количество просмотров: 91