• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Быйыл Ысык-Көлгө 725 миңге жакын турист келген

5 Аяк оона 202420:29 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун жетекчилиги жана туризмге тиешелүү башка мекемелер быйылкы жылдын туристтик сезонунун жыйынтыгын чыгаруу боюнча жыйын өткөрүштү.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Улан Далиевдин айтымында, быйыл Ысык-Көлдө 725 миңге жакын эс алуучу келип, ден соолугун чыңдаган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда бир аз көп. Бирок Ысык-Көлгө сезондо бир миллион турист келе ала турган мүмкүндүгүн эске алганда, аз.

Жыйында туристтик инфраструктураны дагы жакшыртуу, кемчиликтерди жоюу тууралуу көйгөйлөр ортого салынып, аларды чечүү боюнча сунуштар айтылды.

Количество просмотров: 130