Бишкек.13.08.2019.Govori.TV.
Быйыл өлкөдө жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, 1-сентябрь дем алыш күнгө туш келгендиктен, 2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде салтанаттуу чогулуштар уюштурулат. Ал эми сабактар 3-сентябрдан тарта өтүлө баштайт.