• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстанга 3 миллиондон ашык турист келген

18 Тогуздун айы 2022 15:56 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын 6 айында Кыргызстанга 3 млн 823 миң 706 турист келген. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Самат Шатманов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын 12 айында Кыргызстанда 3 млн 560 миң турист келген. Ошентип, быйылкы көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу туристтердин агымы 2 эсеге көбөйгөнүнөн кабар берет.

“Ал эми быйыл 6 айда бюджетке Кыргызстандын мейманкана жана ресторандар тармагынан түшкөн киреше 388 млн 175 миң сом түздү”, — деди ал.

Шатманов белгилегендей, жалпысынан жыл башынан бери Кыргызстандын аймагына 4 млн 993 миң 23 адам кирген, бул 2021-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көптүк кылат.

Количество просмотров: 107