• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Былтыр кыз ала качуу боюнча 210 иштин 11и гана сотко жеткен

20 Чын куран 2021 12:13 Бишкек Govori.TV

2020-жылы Кыргызстанда Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен 210 факт катталган. Анын 182си өндүштөн кыскартылып, 11и гана соттун кароосуна жиберилген. Ушул тушта дагы 15 ишти тергөө уланып жатат. Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

“Көпчүлүк иштердин кыскарып жатканын себеби, тараптар келишип, арыздарынан баш тарткан учурлар болууда. Буга биз анализ жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Жакында болгон окуялар да терең көңүл бурууга зарыл экенин көрсөттү”, — деди ал.

Ал эми ушул жылдын алгачкы үч айында эле ала качуу, эркинен тыш нике кыюуга мажбурлоого байланыштуу 59 факты катталган. Анын ичинен учурда сегизи гана өндүрүштө.

Количество просмотров: 108