• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 миллиондон ашык бала төрөлгөн

20 Аяк оона 201916:42 Бишкек Govori.TV

Былтыр Ооганстан, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендин согуш жүрүп жаткан аймактарында 29 миллиондон ашык бала төрөлдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар фонду (ЮНИСЕФ) билдирди.

Фонддун 20-сентябрда жарыяланган баяндамасында белгиленгендей, бул сан өткөн жылы жалпы жарык дүйнөгө келген балдардын дээрлик ар бир бешинчиси жашоосунун алгачкы учурларын согуш жүрүп жаткан башаламан шартта өткөргөн дегенди билдирет.

ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Генриетта Форенин айтымында, көптөгөн өлкөлөрдө куралдуу кагылыштар ата-энелер менен балдарды жашоо үчүн маанилүү болгон негизги шарттардан чектейт. «Ар бир ата-эне наристесинин алгачкы учурларын баалашы керек. Бирок согуш жүрүп жаткан жердеги миллиондогон үй-бүлө үчүн реалдуулук кыйла кайгылуу», — деди Форе.

Количество просмотров: 66