• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бюджетке түшпөй калган 9 млрд. Салык кызматы Финполдун айыбына жооп берди

27 Тогуздун айы 2020 18:05 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы тараткан расмий билдирүү таратып, салыкчылар алтын казган компания менен жең ичинен сүйлөшүп алып, коррупциялык схема түзгөнү туурасында Финполдун берген маалыматы юридикалык жактан негизсиз экенин айтышты.

«МСКнын кызматкерлери коррупциялык схема түзүүгө аралашкан деген маалымат чындыкка дал келбейт жана минтип айтууга эч кандай юридикалык негиз жок. Салык кызматынын 2018-жылы «К.Г.К.» компаниясына карата жасаган бардык иштери мыйзам чегинде кынтыксыз», — деп жазылат билдирүүдө

Белгилей кетсек, Финпол бүгүн алтын казуучу «К.Г.К.» жабык акционердик коому бюджетке 9 миллиард сомдон ашык зыян келтиргени аныкталганы тууралуу маалымат тараткан. Анда компания Салык кызматы жана Социалдык фонддун кызматтагы адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп, салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн толук төлөбөй келгени айтылган..

Ошондой эле МСК Салык кодексинин 54-беренесине («Салыктык купуялуулук») ылайык, айыптоолорго жооп катары маалыматты толугу менен коомчулукка ачыктай албай турганын белгиледи. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына тергөөнүн алкагында тийиштүү материалдарды берүүгө даяр экени жазылат.

Айып тагылып жаткан ишкана «Кумтөр Голд Компани» экени айтылууда.

Количество просмотров: 509