• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бюджеттен берилүүчү кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо бекитилди

29 Теке 2022 15:19 Бишкек Govori.TV

Республикалык бюджеттен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө жөнүндө жобо бекитилди.

Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги кеңешмесинде кабыл алынды. Мындай чечим бюджеттик кредиттөө процессинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Белгилесек, кабыл алынган документ республикалык бюджеттен, чет өлкөлүк кредиторлордун жана донорлордун каражаттарынын эсебинен берилүүчү бюджеттик кредиттер менен иштөө, ошондой эле лизингдик операцияларды жүргүзүү тартибин жөнгө салат.

Бюджеттик кредиттөөнүн максаты экономиканын тармактарын колдоо жана өнүктүрүү, инфратүзүмдү, калктын жашоо-турмушун камсыздоонун коммуналдык системасын жакшыртуу жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу болуп саналат.

Количество просмотров: 290