Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган Чынтемир Ашыралиевдин иши каралууда.
Жараянда Ашыралиев акыркы сөз сүйлөп, жеңил жаза сурады.
«Кандай чечим кабыл алсаңыз дагы жаза өтөөгө макулмун, бирок анын алдында тергөө иштеринин жүрүшүндөгү кемчилик, каталарды эске алып жеңилирээк жаза берүүңүздү суранам»,-деди ал.
Сот чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.
2-ноябрда болгон соттук отурумда прокурор судьядан Ашыралиевди өмүр бою эркинен ажыратууну суранган.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Бишкекте 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Кылмыш иши тергелип бүтүп, июнь айында сотко өткөн.
Ашыралиев УКМКда 15 жыл иштеген. 2021-жылы өткөн парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин койгон.