• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Терезеден секирген кызды шектүү кайра батирге көтөрүп кирген (видео)

17 Бирдин айы 202314:20 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Бишкекте үч адамды өлтүрүү фактысына байланыштуу делген видео тарады. Анда кыздын көп кабаттуу үйдүн терезесинен асфальтка кулап түшкөнүн жана бир аздан кийин белгисиз адам кызды үйгө көтөрүп кирип кеткени тартылган. Ошондой эле ал ага чейин үйдүн көзөмөл камерасын сындырууга аракет кылган, бирок ал ишке ашкан эмес.

Эскерте кетсек, 16-февраль күнү кечинде 5-кичи райондогу батирлердин биринде 51 жаштагы аял жана анын 17 жаштагы кызы менен жашы жете элек уулу киши колдуу болгон. Милиция бул кылмышка шектүү катары А.Ч.К. аттуу эркек кишини колго түшүрдү.

Маалыматка караганда, 37 жаштагы А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Маалыматтар боюнча 1972-жылы туулган аял (эне) бычакталып каза болгон. Анын 18 жаштагы кызынын жансыз денеси жуунучу бөлмөдө табылган. Ал эми кичинекей бала муунтулуп көз жумган. Анын сөөгү жумшак оюнчуктардын арасынан табылган.

Количество просмотров: 5853