• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде спектакль даярдалып жатат

15 Баш оона 2018 10:17 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы театр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде спектакль даярдап жатат. Бул маалыматты аталган тееатрдыын жетекчиси Орозбек Айдаров таратты.
Айтматовдун акыркы чыгармасынын негизинде коюлган спектаклди Казакстандын Астана шаарынан келген режиссер Бекпулат Парманов сахналаштырмакчы. Ал эми инсценировканын автору кыргызстандык адабиятчы Абибилла Пазылов экени маалымдалды.
Жетекчилик спектакль сентябрь айынын аягында көрүүчүлөрдүн сынына коюларын кошумчалады.
Количество просмотров: 88