• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Фоторепортаж — Дастан Жумабеков Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына карата иш-чарага катышууда

9 Жетинин айы 2018 0:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.08.11.2018.Govori.TV

Бүгүн, 8-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган эл өкүлдөрү Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Талас шаарындагы Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплексинде уюштурулган мааракелик салтанатка катышууда.
Маарекелик иш-чаралардын алкагында  келгендерге «Чыӊгыз ааламы көркөм сүрөт өнөрүндө» аталышындагы көргөзмө уюштурулуп, жазуучунун чыгармалары боюнча түзүлгөн композиция тартууланды.
Андан соӊ, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар жана башка салтанаттын катышуучулары «Манас Ордо» комплексинде болуп, бабалардын арбагына багыштап куран түшүрүштү. Ошондой эле комплекстеги Ардактуу коноктор аллеясына арча көчөтүн отургузуу иш-чарасына катышты.
Кошумчалай кетсек, Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеӊештин депутаттары Талас шаарында иш-сапар менен болуп, Чыӊгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата уюштурулган маарекелик иш-чараларга катышууда. Эске салсак, мындан мурун ушундай эле салтанат Ош шаарында да өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 52