• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Борбордо Күмүшалиева менен Рыскуловдордун урматына спектакль коюлат

29 Тогуздун айы 2018 13:27 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.10.2018.Govori.TV.
Бишкекте залкар артисттер Муратбек Рыскуловдун 110, Сабира Күмүшалиеванын 100 жана режиссер, актер Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган спектакль коюлат. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, спектакль 31-октябрда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында болот.
Үч таланттын ишмердигине арналган спектакль «Улуу даражалуу актер» деп аталат. Каалоочулар акысыз кирип көрөт.
Муратбек Рыскулов — СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Айрым маалыматтарда 1899-жылы, кээ бир документтерде 1908-жылы төрөлгөнү жазылган. 1974-жылы дүйнөдөн кайткан.
Сабира Күмүшалиева — Кыргыз ССРине эмгек сиңирген артист, Кыргыз Республикасынын эл артисти жана Эл баатыры. 1917-жылы жарыкка келип, 2007-жылы көз жумган.
Эки залкардын уулу, Кыргыз эл артисти Искендер Рыскулов кино актеру жана режиссер катары белгилүү. 1941-жылы жарык дүйнөгө келип, 2002-жылы жашоо менен кош айтышкан.
Количество просмотров: 27