Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров эки кыз жана бир уулду жарык дүйнөгө алып келген үч эмдин энеси Айсана Султановадан кабар алды. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Нурбек Кадыров эне-бала саламаттыгын сураган соң, Ош шаарынын мэринин атынан куттуктап, 50 миң сом тапшырды.
Белгилей кетсек, А. Султанованын үй-бүлөсүндө эми 5 уул, 2 кыз бар. Жаңы төрөлгөн ымыркайларга, Мүрөк, Мөлтүр, Айдар деген ысымдар берилди.