• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Чүй каналына түшүп кетти делген 18 жаштагы кыз изделүүдө

16 Бирдин айы 202415:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-февралда Чоң Чүй каналынан 18 жаштагы Ж.кызы А. изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, издеп-куткаруу иштерине ӨКМдин Ысык-Ата райондук бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылды. Буга кошумча анын жакындарынан 15 киши куткаруу иштерине чыгышты.

Эскерте кетсек, кечээ Кант шаарынын тургуну сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшүп, издөө иштерине 4 куткаруучу, 2 милиция кызматкери жана 4 тууганы чыккан. Издөө иштеринен натыйжа чыккан эмес. Кошумча малымат берилет.

Количество просмотров: 192