Бишкек.20.06.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарындагы Чүй-Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги декаративдүү тосмо менен жарык берүүчү шарлардан турган инсталляция бузулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 19-июнь күнү болжол менен саат 22.00дөр чамасында белгисиз айдоочу тосмону сүзүп жана окуя болгон жерден качып кеткен. ЖКККББнын кызматкерлери күнөөкөрдү табуу үчүн видеокөзөмөлдү карап чыгаары айтылды.
Ал эми сынган тосмону «Тазалыктын» кызматкерлери оңдоо үчүн алып кетишип, бүгүн кайрадан орнотула турганы белгилүү болду.