Бишкек.31.05.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарында Чүй облусттук криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары Расул Казаков кармалды.
Белгилүү болгондой, аны менен бир тууганы да кошо кармалды. Ал дагы милиция кызматкери.
Маалыматтарга таянсак, Расул Казаков борбор калаадан, бир тууганы Чүй облусунун Москва районунан колго түшкөн. Алардын биринин унаасынан травматикалык курал табылган.
Алдын ала маалыматтарга караганда, алар курал сатууга аракет кылып жатышкан. Ошондой эле милиционерлерге уюшкан кылмыштуу топ түздү делген айып тагылууда.