• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Чүй облустук соту Олжобай Шакирге карата чыгарган Аламүдун райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды

15 Теке 202411:44 Бишкек Govori.TV



Бүгүн Чүй облустук соту Аламүдун сотунун Олжобай Шакир беш жылга камалсын деген чечимин күчүндө калтырды. Жазуучу, публицист Олжобай Шакир сотто күнөөсүн моюна албай турганын кайталап, билдирүүлөрүндө эмоция болгонун, бирок агрессия жок экенин айтып, 11 ай абакта жатканы жаза катары жетиштүү болгонун айтты.

Олжобай Шакир «айыбым онлайн митингдерди видео кайрылууларымды жакшы түшүндүрө албай калганым болду. Максатым өлкөдө массалык башаламандыкка чакыруу эмес, тынчтык жол менен пикирин бийликке жеткирүүнүн саясий маданиятын калыптандыруу болчу»- деди.

Ал айрым билдирүүлөрүндө, эмоцияга алдырып жиберген учурлар бар экенин, бирок массалык башаламандыкка чакырбаганын айтты.

Жактоочу Олжобай Шакирдин видео кайрылууларында кылмыштын курамы жок экенин айтып, актоону өтүндү.

Прокурорлор айыпталуучу күнөөсү далилденгенин айтып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды. Жыйынтыгында Чүй облустук соту Аламүдун сотунун Олжобай Шакир беш жылга камалсын деген чечимин күчүндө калтырды.

Количество просмотров: 104