• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылды

2 Теке 201922:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV.

2-июль күнү, саат 20:00 чамасында Арал айылынан 12 чакырым алыстыктан 1960-ж.т. А.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Бул тууралуу ӨКМдин басма соз кызматы билдирет.

Ошондой эле, саат 17:20да Жумгал районунун Арал айылынын тушунан Көкөмерен суусунан 1 эркек кишинин (айдоочу) жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылган.

Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун сөөктөрү деп айтылууда.

Эскерте кетсек, 30-июнь күнү саат 10:00 чамасында Көкөмерен суусуна унаа түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн (туугандарынын айтуусунда унаада 5 адам болгон: 3 эркек, 1 аял, 1 жаш бала). Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн КР ӨКМнен жалпы 98 куткаруучу жана туугандарынан 20 адам тартылган.

«Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:30да издөө иштери убактылуу токтотулду. КР ӨКМдин куткаруучулары Кожомкул айылындагы штабда тигилген чатырларда түнөп калышат. 3-июль күнү издөө иштери улантылат. Кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира Абдылдаева жакындары менен биргеликте кырсык болгон жайда жүрөт. Ал суучулдардан жана мекендештеринен издөөгө жардам берүүнү суранууда.

“Бул жакта бүт туугандарым, кесиптештерим жана досторум болуп жүрөбүз. Куткаруучулар издешүүдө, бирок суу чоң экен, алар жетишпей жатат. Сууга түшкөнгө дагы суучулдар керек. Бизди түшүрбөйт экен. Бүгүн үчүнчү күн, жок болууда. Ушинтип эле бир үй-бүлө жок болуп кетеби?.. Менин кызымды да таппай жатабыз. Суунун агымы аябай күчтүү экен”, — деп кайрылды аткаминердин кызы.

Ал кырсыктаган унаанын ичинде айдоочудан сырткары атасы, апасы, бир тууган иниси жана 8 жаштагы кызы болгонун билдирди.

“Мен кечинде сүйлөштүм эле. Алар таңга маал саат 4тө жолго чыгышкан экен. Келе жатып унаасы менен сууга түшүп кетишиптир. Дагы бир сааттай жүргөндө Суусамырга жетмек экен. Азыр автоунаасын да таппай жатабыз. Анча-мынча сыныктары чыгууда. Атамдын айдоочусунун туугандарынын телефон номери менде жок экен. Байланыша албай жатам, алар да укса келип издөөгө жардам бермек”, — деди Абдылдаева.

Ал эми кырсыктын күбөсү, Кызыл-Ой айылыны тургуну Кубатбек Эмилбеков унаа сууга түшкөндөн кийин бир адам сыртка чыгып бир топко чейин барганын билдирди.

Количество просмотров: 16