Бишкек.08.08.2019. Govori.TV
Чүй ОИИБдин жетекчиси Самат Курманкулов учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, С.Курманкулов Кой-Таштан жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна жеткирилген.
Ал баш мээсинен, мээден жаракат алып, операция жасалды. Дарыгерлер операциядан кийин бейтаптын абалын оор деп баалап жатышат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин саат 04:20га карата билдирген маалыматы боюнча, Курманкулов комада. Ага жасалма вентиляциялык жабдык пайдаланылып жатат. Абалы өтө оор бойдон.