Бишкек.08.08.2019. Govori.TV
Чүй ОИИБдин жетекчиси Самат Курманкулов учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, С.Курманкулов Кой-Таштан жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборуна жеткирилген.
Ал баш мээсинен, мээден жаракат алып, операция жасалды. Дарыгерлер операциядан кийин бейтаптын абалын оор деп баалап жатышат.