Чүй районунда ат уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй районунун ИИБнө Б.К. аттуу жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 22-февраль күнү арыз ээсинин сарайынан белгисиз бирөөлөр минген атын уурдап кетишкенин билдирген.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 24 жаштагы Т.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган»,-деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү жарандын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүруш иштери улантылууда.